7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тамекини таштай албай жүрөсүзбү? Сиз үчүн мектеп ачылды

862

Биринчи май жана Свердлов районунда «тамекиден баш тартуу» үчүн атайын мектептер ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептердин иши никотинге көз карандылыкты жоюуга жана тамеки тартууга байланыштуу оорулардын санын азайтууга багытталган. Тамекини таштоону каалаган бейтаптарга консультациялык жана профилактикалык жардам көрсөтүлөт.

«Тамекини таштоо мектебинде» сиз акысыз квалификациялуу жардам ала аласыз жана көз карандылыктан биротоло арыласыз. Биз тамекини таштоону, эркин дем алууну, көз карандылыктан жана көптөгөн оорулардын коркунуч факторунан арылууну каалагандардын баарын чакырабыз»,- деп берилет билдирүүдө.

Биринчи май районунда психиатр-нарколог дарыгерлер шейшемби жана жума күндөрү саат 13:00дөн 14:00гө чейин кабыл алышат.

  • №3 ҮМБ (№100 кабинет) дареги: Логвиненко, 30/1, (0312) 325232;
  •  №7 ҮМБ (№7 кабинет) дареги: Тоголок-Молдо көч., 3/1, (0312) 662044.

Свердлов районунда наркологиялык врач-психиатрлар шейшемби жана жума күндөрү саат 14:00дөн 15:00гө чейин жардам көрсөтүүгө даяр:

  • №5 ҮМБ (№408 кабинет) дареги: Көлбаев көч., 42, (0312) 635123;
  • №5 ҮМБ (мурдагы №9 ҮМБ №109 кабинет) дареги: Курманжан Датка көч. 109 а, (0312) 368830;
  • №10 ҮМБ 10 Свободная көч.,9 (мурдагы №14 ҮМБ, №32кабинет), 678274.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

863