7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки депутаты пара менен кармалды

730

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты 25 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалышты.

Такталгандай, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган.

Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731