7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдө өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүрүүдө

479

Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери шаар аймагындагы мектептерде окуучулар менен жолугушууларды уюштуруп, аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилүүдө. Окуучуларга атайын лекциялар окулуп, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы жеткирилүүдө. Ошондой эле мектеп рекетчилигинен алыс болуу зарылдыгы айтылып, татыктуу билим жана тарбия алууга үндөшүүдө.


Мындан сырткары белгиленген графиктин алкагында милициянын 2020-жылы аткарган жумуштары эл талкуусуна коюлуп жатат. Милициянын участкалык инспекторлорунун, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун отчеттук жыйындарына жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышууда. Милициянын жыл ичиндеги жумуштарына эл тарабынан оң баа берилип, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бергелешип иштөө маселеси талкууланууда.

480