7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев №21 мектеп-интернатынын окуучуларын Жаңы жылы менен куттуктады (ФОТО)

745

Бүгүн, 26-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, жана ошондой эле Билим берүү министри Д.Ш.Кендирбаева Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебине барды.

Ташиев аталган мекеменин жалпы жамаатты жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы жылдык программаны көрсөтүштү. Жолугушуунун аягында, аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жетекчилиги, колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн К.Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

746