7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев “Батасын алдым, колдойт” деп жалган айткан талапкерлерге жооп берди

15

Буга чейин эл арасында айрым талапкер болчулар «Садыр Жапаров өзү колдоп атат”, “Камчыбек Ташиевдин батасын алдым” өңдүү сөздөрдү таркатып жатышканы маалым болгон.  Буга ылайык КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Саясат.kg” порталына бул тууралуу пикирин билдирди.

Анда ал журналисттин  “Угушубузга караганда, депутат боло турган адамдардын тизмеси эчак бекитилип калыптыр. Кээ бир талапкерлер сиздерден бата алып, аттанганын ачык эле айтып жүрүшүптүр?”, — деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген.

Ташиев: — Мен дароо эле айтам: ишенбегиле! Мурунку бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз. Ооба, бата берип жүрүшкөн. Мына ошол бата берген журт башчылары азыр кайда? Бизде орун алган бийлик алмашуулар, революциялар дал ушунун айынан чыкпады беле! Көндүм адаттын калышы кыйын, мен да айрым депутат болгусу келгендердин бизге жол издеп, жолугуп, бата алууга умтулуп жүрүшкөнүн билем. Жада калса, жакын адамдарыбыздын арасында да андайлар бар. Буга окшогондорго ажобуздун да, менин да убактыбыз жок. Өзүбүздүн жумуш чачтан көп, уйкубуз аз.
Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени, биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда?!

Журналист: Демек, сиздердин атыңыздарды жөн эле сатып жүрүшөт да?

Ташиев:  Ооба. Кайсы бир кездерде талапкерлерге бийликти сындап чыккан ыңгайлуу болчу. Акыркы беш жылдагы өзгөрүүлөрдөн кийин, тескерисинче, бийликти колдогон адамдарда шанс жогору. Ошондуктан да, биздин атыбызды пайдаланып атышат го. Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот. Мен талапкерлерге эскертип коеюн: “билбей калат»- деп ар кандай көз боемочулукка баргандан алыс болгула. Баары бир ачыкка чыгып калат. Андай учурда жаза катуу болот!

Журналист: Биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн рахмат айтабыз!

Ташиев: Сиздерге да рахмат, туура маселе менен кайрылдыңыздар. Элиме айтаарым: кайдыгер болбой, шайлоого келип бериңиздер. Тандоодон адашпаңыздар.

16