7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдууларды белекке берди

4

Бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө Ташиев эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.

Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.

Ошол эле учурда, борбордун дарыгерлери К.Ташиевге ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу унаа токтотуучу жай куруп берүүнү жана дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышты.

Өз кезегинде К.Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн заманбап унаа токтотуучу жай куруп берүүнү жана борбордун ар бир бөлүмүнө 10 кызматтык унаа берилээрин убада кылды.

Ошондой эле келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.

5