7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Мамлекетке жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 168 млрд 287 млн сом кайтарылган

576

Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМК мамлекетке канча акча кайтарылганын айтты. Мамлекетке жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 168 млрд 287 млн сом (1 млрд 945 млн доллар) кайтарылган.

«Ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин дагы 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген ой бар. Бул кылмыш иштеринин алкагында каралып, бүтүп жаткан жумуштар. Ошондо 2020-жылдын октябрынан ушул жылдын декабрына чейин 209 млрд (2 млрд 400 млн доллар) сом акча жыйналып калат», — деди Ташиев.

Анын ичинен акчалай түрүндө 37 млрд 776 млн сом (436 млн 725 миң доллар) чогулду. Ал кандай бөлүштүрүлгөн:

    • Республикалык бюджетке 3 млрд 352 млн сом
    • Бажы кызматына 395 млн 503 миң
    • Салык кызматына 4 млрд 394 млн
    • Турукташтыруу фондуна 16 млрд 952 млн
    • Жаңы стадион курууга 12 млрд 681 млн

577