7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев менен Мамбетакунов өзгөчө балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышты

518

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Бишкек шаарындагы №21 угуусу начар жана кулагы укпаган балдарга арналган мектеп-интернатына барып, жаңы жылга карата белектерди тартуулашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзгөчө балдарга таттуу жана оюнчук белектерден сырткары мекемеге акчалай да жардам көрсөттү.

“Жылдагы салтты бузбастан, быйыл дагы балдарыбызга майрамдык жагымдуу маанай тартуулап коюну туура көрдүк. Колдон келген жардамды аябайбыз. Балдар – биздин келечегибиз, алар эр жетип чоңойгуча, камкордукту биз көрсөтүүбүз зарыл. Жаңы жылыңыздар менен! Келе жаткан жылы сиздерди көптөгөн ийгиликтер күтүп турат деген ишеничтемин” – деп куттуктады Камчыбек Ташиев.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов министрликтин атынан аталган мектепке 3 компьютер белекке берип, мамлекет тарабынан билим берүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтты.

“Биздин негизги милдет – билим берүүнү өлкөдөгү ар бир балага жеткиликтүү кылуу. Ар кимибиздин өзүбүзгө жараша өзгөчөлүгүбүз бар, бирок баарыбыз бирдей укукка ээбиз. Жаңы жыл баарыбыз үчүн берекелүү, жемиштүү жылдардан болот деген үмүттөмүн. Сиздерден да келечекте кыргыз билим берүүсүнө, илимине барандуу салым кошо турган мыкты атуулдар чыгат деп ойлойм. 2023-жыл ошол ийгиликтердин башаты болсун! ” – деди Уланбек Мамбетакунов.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев менен Уланбек Мамбетакунов жакында эле УКМКнын өздүк эсебинен капиталдык ремонттон өткөн мектептин ашканасынын абалы менен таанышып чыкты.

Ал эми былтыркы жылы көрсөтүлгөн акчалай жардамга учурда мекеменин санитардык түйүндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аталган билим уясына окуу куралдары, техникалык жабдуулар жана компьютерлер менен камсыздоо аркылуу жардамдар көрсөтүлүп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519