7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев муктаж болгон Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп берди

1230

Камчыбек Ташиев үйгө муктаж болгон Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп берди. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.

«Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Гүлжан Абдыразак кызы, 1997-жылдан бери бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Жакындарынын болгон мүмкүнчүлүгү менен бир топ медициналык мекемелерде дарыланган. Өзүнүн жеке турак-жайы жок болгондуктан, бир туугандарынын үйүндө жашап жүргөн.

Үйгө болгон муктаждыктан улам Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган. Кайрылган күндөн 2 ай өтпөй туруп, Гүлжан Абдыразак кызына Камчыбек Кыдыршаевич тарабынан жаңы турак-жайы курулуп бүттү.

Бүгүн, 2022-жылдын 6-мартында Барпы айылынын аксакалдарынын катышуусунда, Камчыбек Ташиев жашоо үчүн бардык шарттары бар жаңы үйдүн ачкычын Гүлжан Абдыразак кызына тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1231