Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техникаларды жана кызматтык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.Ташиев катышкан.
К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы №325 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын стабилдештирүү фондунан Токмок шаарына жалпы суммасы 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү чечими кабыл алынганын билдирди.
Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат:
- Токмок шаарынын ички жолдорун капиталдык оңдоо жана куруу. Каржылоо: 1 млрд 812 млн 900 миң сом.
- Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу. Каржылоонун суммасы: 134 600 000 сом.
- Муниципалдык техниканы жана коомдук транспортту жаңылоо. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу 10 автобусту жана атайын бургулоочу техниканын эки бирдигин сатып алуу пландаштырылууда. Каржылоо суммасы: 108 млн сом.
Бул каражаттын бөлүнүшү шаардын инфраструктурасын жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чоң салым кошот, ошондой эле шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №1 жана №2 орто мектептери үчүн кошумча окуу корпустарын куруу да каралууда.
А.С. Пушкин атындагы №1 жана № 2 кичи орто мектептер үчүн кошумча окуу корпустарын куруу долбоорлору боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, курулуш иштеринин башталышы 2026-жылга пландаштырылган.
Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылга капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине киргизилген. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Ар бир кошумча окуу корпусунун долбоордук кубаттуулугу 800 орунду түзөт, бул Токмок шаарынын мектептеринин сыйымдуулугун бир кыйла жогорулатууга жана билим алуу шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Ар бир обьектин курулушунун сметалык баасы 220 млн сом, бардыгы болуп 440 млн сом керектелет.
Министрлик тарабынан курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.