7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев жардам сурап кайрылган бир туугандарга батирдин ачкычын тапшырды

374

Бүгүн, 12-декабрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Буга чейин, 2024-жылдын 28-октябрында 1989-жылы туулган Н.Жүдөмүшова аттуу жаран 4 бир тууганы ( 4 кыз 1 уул) менен турак жайы жок батирлеп жашап жүрүшкөндүгүн, 2002-жылы туулган жалгыз иниси 1-топтогу майып, көзү азиз экендигин айтып, УКМК төрагасына жардам сурап кайрылган.

Бул бир туугандардын атасы 2012-жылы, ал эми апасы 2007-жылы ооруудан улам каза болгон. Бул аралыкта Жүдөмүшова бир туугандарын өзүнүн карамагында багып чоңойткон. Анын туруктуу жумушу жок, учурда идиш жууп күнүмдүк тиричиликке акча табат. Иниси майып болгондуктан, аны дарылоого да каражаты жетишсиз.

Ал эми бир туугандар турак жай маселесин чечүүдө буга чейин бир нече жерге кайрылып көргөн, бирок жыйынтык болгон эмес. Ташиев жардамга муктаж бир туугандарга керектүү шарттары бар батирдин ачкычын тапшырып, жылуу каалоо тилектерин айтып өттү.

Өз кезегинде Н.Жүдөмүшова жана анын бир туугандары Камчыбек Ташиевге турак жайлуу болууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

375