Алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин мурдагы кызматкери болгон.
УКМК билдиргендей, аталган жаран өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, ишкерлерди коркутуп, алардан 26 миң 300 доллар тартып алган. Ошондой эле ал өзүн УКМК төрагасы К.Ташиевдин жардамчысы, ага түздөн-түз баш ийген адамы
катары тааныштырып, Ташиевдин уулу менен достук мамиледе экендигин айтып коркуткан.
Шылуундун аракеттеринен жабыр тарткандар УКМКнын Чүй облусу боюнча
башкармалыгына кайрылса болот: 0312 530 301.



