7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 30 МВт электр энергиясын өндүрөт

181

Бишкекте курулуп бүткөн таштандыларды кайра иштетүүчү завод таштандыларды өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрөт. Бул тууралуу Дайыр Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулган.

“Азырынча жаңы кошулуп 3,5 МВт берип жатат, бүгүн кечке чейин 18 МВт кубаттуулукка жетери күтүлүүдө. Толук кандуу ишке киргенден кийин 30 МВт кубаттуулукта электр энергиясын берип, электр тармактары аркылуу элге кызмат кылат. Мына ошентип, 50 жылдан ашык түтөп жаткан таштанды полигонунан кутулдук деп айтсак болот. Эми таштандыларды заводдо өрттөп, андан электр энергиясын өндүрүп, калдыктарынан курулуш материалын чыгарабыз”, — дейт ал.

Бишкекте 1 суткада 1000 тоннага жакын мусор чогулса, бул завод суткасына 1200 тонна мусорду жок кылуу кубаттуулукка ээ.

Завод түтөбөйт, бир аз гана буу чыгат ал дагы жок болуп кетет. Экологияга зыяны жок, эн акыркы заманбап ыкмалар колдонулуп курулган.

182