7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Тазалыктын” кызматкерин өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

207

Бишкекте тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, жол кырсыгы 26-ноябрда саат 07:05те Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа «Тазалыктын» кызматкери өзүнүн аймагын тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда сүзгөн.

«Тилекке каршы жаракат алган жаран 27-ноябрда саат 06:40та Улуттук госпиталда эсине келбей каза болду», — деп билдиришти милициядан.

Кызматкерлер жол кырсыгына шектүү айдоочуну табышып, ал 1989-жылы туулган Т.А. болуп чыкты. Учурда айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

208