7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик аскер огунан каза болгон Хуснидин Хожиевдин сөөгү Тажикстан аркылуу алынып келинди

4361

9-июль саат 18.00 карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасында тажик аскерлеринин кол салуусунан каза болгон сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 9-июль Тажикстандын аймагы аркылуу алынып келинди. Анткени окуя катталган жер тоолуу оор ландшафт аймак экендиги айтылат.

Эскерте кетсек тажик аскер кызматкерлери Чек ара кызматынын бир аскер кызматкерин  кармап кетишкен. Аны кайтарып алуу боюнча эки Өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу каралып жаткандыгы айтылат.

Мамлекеттик чек арада күч структуралырынын аракеттерин координациялоо максатында Баткен облусуна КР УКМК Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары-Башкы штабдын башчысы полковник Курсанбек Бекташов учуп кетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4362