7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик жарандары чек аранын тактала элек тилкесине көчөт отургузууга аракет кылышкан

684

Кечээ, 8-мартта Баткен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкесине көчөттөрдү мыйзамсыз отургузууну токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Чек-Дөбө аймагындагы такталбаган чек ара тилкесине Тажик жарандары көчөттөрдү отургуза башташкан. Аталган жерге барган УКМКнын «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Тажикстандын жарандарына көчөт отургузууну токтотууну талап кылган, бирок алар анын талаптарын аткарышкан эмес.

Баткен тилкеси боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жана Исфара тилкеси боюнча Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында көчөттөрдү отургузуу токтотулган, андан тышкары, буга чейин отургузулган көчөттөр алып салынган.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685