7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын чек арачылары тарабынан Баткен облусунун 22 тургуну кармалды деген маалымат калп

306

Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну Айпаша Наврузова Өкмөттүн Баткен обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге уулу Дөөлөтбек Орозовду жана анын эки жолдошун Кыргызстандын аймагынан Тажикстандын чек ара кызматкерлери негизсиз кармап кеткендигин айтып, жардам берүүсүн суранган.

Арызда айтылгандай, Баткен районунун үч жараны Сүйүндүк Бурханов, Саитбек Матираимов жана Дөөлөтбек Орозов Лейлек районунун Арка айылындагы базардан мал алып, кайтып келе жатканда, Кыргызстандын аймагынан тажик чек ара кызматкерлери кармап, Тажикстандын аймагына алып кирип  кетишкен.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Баткен районунан 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандын чек ара кызматкерлери тарабынан кармалганын, Баткен облусунун 22 тургуну деген маалымат калп экендигин билдирди.

«Аталган окуя боюнча маалымат бизге түшөрү менен Баткен облустук ички иштер башкармалыгына окуяны териштирүүнү тапшырдык. Учурда иликтөө жүрүп жатат» , — деди Бердикулова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

307