7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын УКМКсы тарабынан кармалган кыргыз жараны үй камагына чыкты

696

6-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган кыргыз жараны Кубанычбек Акматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал азыркы учурда Душанбеде, аны Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Жакын арада Кубанычбек Акматовду бизге өткөрүп берет деп үмүттөнөбүз», — деп билдиришти ШИИБден.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Акматов дары чөптөрдү чогултуп кайтып келе жаткан учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин транзиттик зонасында кармалган. Тажиктер аны транзиттик зонада кармап, Душанбедеги убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697