7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Театр 500 орунга ылайыкташкан». Жапаров менен Абдулла Арипов театрдын иши менен таанышты

756

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Ош шаарында өткөн президенттин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча, Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан тарабынан ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Аны реконструкциялоо иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталып, ишти үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда. Аткарылган иштердин сметалык наркы 5 млн АКШ долларын түзөт. Театр 500 орунга ылайыкташкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757