7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт

719

Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, санариптик өнүктүрүү министрлиги “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргызстандагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» КРнын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга алып чыккан, ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоо лицензиялануучу ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат.

Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргызстандын аймагына алынып келинген бардык түзүлүштөрдү идентификациялоо талаптарын аныктайт.

Мобилдик түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо өлкөгө алынып келинүүчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүүдө оң таасирин тийгизет, бул өз кезегинде экономикалык ишмердик жүргүзүүчү субъекттерди көмүскөдөн чыгарууга да оң таасирин тийгизет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720