7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Telegram» каналы аркылуу баңгизат саткандар аныкталды

834

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр «Telegram» каналында «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүн түзүп, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүмүнүн 1-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

28-апрелде И.Н. аттуу жаран, жана Россия Федерациясынын Л.И., жараны кармалып, тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизаты алынган.

Мындан тышкары, 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар табылган жана Чүй облусунун аймагында мурда катып койгон жерлери көрсөтүлгөн.

Жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө төмөнкү заттар табылган:

•   «гашиш» баңгизаты, таза салмагы – 71 гр.;
•   “гашиш” баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;
•    Компьютер жана ноутбук;
•    3 даана уюлдук телефондор.;
•    Банк карталары

Белгилей кетсек, шектүү Л.И., «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат.

Соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

835