7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Темирлан Султанбековго ок чыгаргандар кимдер?» Окуя иликтенүүдө

811

Темирлан Султанбековго карата кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү болжол менен саат 16:45 чамаларында Темирлан Султанбеков өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу, 26-август күнү болжол менен саат 01:30 чамаларында анын автоунаасына карата белгисиз бирөөлөр ок чыгарганын жазган. Анда окуя кайсыл жерде болгону так көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы факты Аламүдүн районунун аймагында болгону аныкталган. Ал эми Темирлан Султанбеков  26-августта саат 18:30 чамаларында белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранып, арыз жазган.

“Темир Султанбеков 26-августта  «Nissan X-TRAIL» үлгүсүндөгү авттоунаанын айдоочусу А.Б. менен Кой-Таш айылындагы көчө менен түштүк тарапты карай баратып, жолдо уктап кеткен. Көп убакыт өтпөй ал тараптан катуу үн чыккандыктан ойгонуп кеткен. Алар К.А. аттуу жарандын үйүнө барышып, автоунаанын арткы оң жак терезесинен жарака кеткенин байкашкан. Ок атуудан эч ким жабыркабагандыктан соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан”, — деп берилет маалыматта.

Бул фактыга тиешелүүлөрдү аныктоо жана кармоо үчүн ИИМдин, Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812