7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Террористтик топтун активдүү кызматкери кармалды

591

Эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген террористтик ячейкалардын ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тыюу салынган эл аралык “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” (“Ислам жихады биримдиги”) мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары жана ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган.

Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспортторун (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркиянын аймагына өткөрүп берүүнү ырастоочу экендигине маалымат алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында террористик топтун активдүү кызматкери, КР жараны Б.Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592