7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТЭЦ-2нин 20 жашоочусунун жери менчиктештирилди. Дагы 12 акт даярдалуда

803

ЖЭБ-2 аймагындагы 20 жер тилкесинин менчик ээлери менчик укугуна актыны алышты. Бул тууралуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалы тарабынан ЖЭБ-2 аймагындагы жер тилкелеринин ээлерине 20 мамлекеттик акты берилди. Дагы 12си берүүгө даярдалууда. Ушул эле аймактан мамлекеттик акты алууга кошумча 60 арыз келип түшкөн. Бул багытта иштер активдүү уланууда.

“Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак жай курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында КРнын Жер кодексинин 20-беренесине жана КРнын “Жер тилкелерин берүу жөнүндө” мыйзамыны 6-беренесине ылайык,Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди тансформациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804