7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ эскертет: Аскердик тобокелдик жогору болуп жаткан аймактарга учууну токтото туруңуз…

148

Жакынкы Чыгыш аймагындагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна жана кырдаалдын мындан ары курчушу мүмкүн болгон тобокелчиликтерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аймактагы окуялардын өнүгүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.

Ушуга байланыштуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын төмөнкүлөрдү сактоого чакырабыз:

  • жогорку сактык чараларын көрүүгө;
  • мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө тыкыр көз салууга;
  • жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга;
  • текшерилбеген маалыматтарды таратпоого;
  • мүмкүн болушунча адамдар көп топтолгон жайларга барбоого;
  • сапарларды пландаштырууда авиакаттамдардын абалын алдын ала тактоого.

Жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында аскердик тобокелдиктер жогору бойдон сакталып жаткан аймактарда жүргөн жарандарга мүмкүнчүлүк болсо убактылуу чыгып кетүү жана кырдаал турукташканга чейин аталган өлкөлөргө сапарларды токтото туруу сунушталат.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылсаңыздар болот: +971 52 291 8840, +971 50 823 8479

149