7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо 20 миллион сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

762

Прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен социалдык объектилерди жана жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу багытында иш чаралар уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы аталган районго караштуу Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн токтому менен коомдук уюмга бала бакчанын имараты, короо жайы менен мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, арыз соттор тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы  20 миллион 46 миң сомдук бала бакчынын имараты, короо жайы менен мамлекетке кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763