Тогуз-Торо жана Ала-Букада өспүрүмдөр көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Тогуз-Торо жана Ала-Бука милициясы тарабынан өспүрүмдөрдүн максатсыз коомдук жайларда, базарларда, интернет клубдарда жүрүүлөрүнө бөгөт коюу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын алкагында кароосуз калгандарды, себепсиз мектепке барбай жүргөндөрдү аныктоо иштери жүргүзүлгөн.
«Кызматкерлер милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айылдарды кыдырышып, профилактикалык иштерди алып барышты. Ата-энелер менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлгө алуу керектигин эскертишти. Ошондой эле жаш балдарга татыктуу тарбия берүү зарылдыгын баса белгилешти. Ал эми Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы №10 А.Юсупалиев орто мектебинде «Бала тарбиясында мектеп жана ата-эненин ролу» темасында семинар өткөрүлдү. Семинарга РИИБдин жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, ата-энелер катышышты»,- деп айтылат маалыматта.