7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо суицид, эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

952

Тогуз-Тородо милициянын көчмө кабылдама унаасы жергиликтүүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо райондук милициясынын башчысы Талант Сабырканов баштаган топ милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Каргалык айыл аймагына барышты. Алар жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин жеринде угушуп, юридикалык кеңештерин беришти.

«Кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, суицид, эрте никеге туруу жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жаш өспүрүмдөрдү себепсиз түнкү убакыттарда көчөгө чыгарбоо, мал уурулуктарынан сак болуу зарылдыгы эскертилди», — деп айтылат маалымата.

Ошондой эле жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүүнүн алкагында Тогуз-Торо районунун тургундары үчүн жасалып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. РИИБдин имаратында “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору ачылгандыгы, бул жайдан соттуулугу боюнча тактамаларды алуу мүмкүнчүлүгү жаралгандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 2021-жылдын 11 ай ичинде 60 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 84 жарандан ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

953