7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда эки жаран 19 килограмм баңгизаты менен кармалды

148

2025-жылдын 4-ноябрында Токтогул районунда жалпы салмагы 19 килограмм 650 грамм марихуана баңгизаты менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле күнү Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестирне 283-берене менен катталып, кылмыш иши козголгон.

“Кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган А.Б., Н.С. аттуу тургундары кармалып, алардын жанынан 4 даана капка салынган баңгизат каражаты далил катары алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы менен А.Б., Н.С. аттуу жарандар Токтогул райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды”, — деп жазылат маалыматта.

149