7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токторбаев: Ошко чет элдик инвесторлор чоң ишеним көрсөтүп, ири инвестициялар тартылууда

139

Ош шаарына чет элдик инвесторлор чоң ишеним көрсөтүп, ири инвестициялар тартылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы калаада бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат.

“Кийинки жылдын жаз айында кытайлык инвесторлор таштандыларды кайра иштетүүчү заманбап завод куруу иштерин баштайт. Бул экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым болот. Мындан тышкары Ош шаарындагы “Т” деген аймактан баштап, Ак-Буура дарыясына чейин эстакадалык көпүрөлөр курулат.

Ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу жаңы курулмалар да пландалып жатат. Бул долбоор үчүн кытайлык “Кунлун” компаниясы болжол менен 30 миллион доллар инвестиция салып жатат. “Ош сити” долбооруна дагы Кытайдан келген инвесторлор тарабынан 200 миллион доллар инвестиция тартылды.

Бул долбоорлор шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталат”,- деп белгиледи калаа башчы.

140