7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтосунов: Окуучулар облустук эмес, Сузак райондук олимпиада жыйынтыгына нааразы болушкан

813

Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосунов Сузак районундагы окуучулардын облустук олимпиададагы кемчиликтер боюнча айткан пикирин төгүнгө чыгарды.

Токтосунов окуучу кыздар быйылкы Сузак райондук олимпиадасына катышып, өтпөй калышкан, бирок облустук сынакка катышкан эмес дейт.

“7-каналдан чыккан алардын билдирүүлөрү боюнча тактоо иштерин жүргүзгөндө эки окуучу тең былтыркы облустук олимпиадага катышпагандыгы аныкталды. Алар бул нааразычылыгын райондук олимпиаданынын жыйынтыгы боюнча айтып, адашып билдирүүсү мүмкүн” — деди жетекчи.

Буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев “Окуучулар арасында өтүүчү предметтик олимпиада сынактарында коррупция бар”- деген пикирин билдирип, прокуратурага карап чыгууну табыштаган. Ал арада Сузак районундагы С.Акбаров атындагы мектептин эки окуучусу облустук олимпиадага катышып бирок өтпөй калганын, анын себебин акча бере албагандыгы менен байланыштырышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

814