7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Торунан 80 балык табылган. Көлдө балык уулаган жаран кармалды

214

Ысык-Көлдө түндө мыйзамсыз балык уулоого чыккан жаран кармалганын облустук милициядан кабарлады.

22-ноябрда түндө милиция кызматкерлери Түп айылынын түштүк тарабындагы көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандарды кармоого аракет кылышкан. Браконьерлер аларды байкап калып, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, алардын бири 1985-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалган.

Браконьердин көлдөн алынган мыйзамсыз торунан болжол менен 80 балык табылып, үч синтетикалык балык уулоочу тор алынган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, дагы эки синтетикалык тор табылган.

Натыйжада мамлекетке 70 миң 700 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

215