7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Циркти оңдоп-түзөө иштери аяктап калды

468

1976-жылы пайдаланууга берилип, дээрлик 48 жыл ремонт көрбөгөн Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти реконструкиялоо иштери кызуу жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштери 98%га аяктап калганын президенттин иш башкармалыгынан билдирди.

Бул имаратка президент Садыр Жапаров былтыр күтүүсүз текшерүү менен барып, имараттын акыбалын өз көзү менен көрүп, тез арада толугу менен реконструкциялоого тапшырма бергени маалым. Мамлекет башчынын визитинен соң тез арада цирктеги манеж, отургуч сыяктуу бардык эски буюмдар чыгарылып, имаратты капиталдык реконструкциялоо иштери башталган.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө заманбап дизайн колдонуу менен имарат жаркыраган маданий жайга айланды.

Имараттын реконструкциясына колдонулган ак мраморлор Ирандан, көрүүчүлөр отура турган креслолор Москвадан алынып келинип 1800 орун даярдалды. Оңдоп-түзөө иштерин жаңы жылга чейин бүтүрүү пландалган.

469