7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туйгунаалы Абдраимов кармалды. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган

2393

БШКнын мурдагы төрөгасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун “Жээк” айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95% акциясы өзүнө таандык болгон“Кайнар” ЖАКсына аянты 11,2 га болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.

Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, “Кайнар” ЖАКу 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом “Кайнар” ЖАКга төлөп турган. Бирок, “Кайнар” ЖАКы таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жол кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды.

2022-жылдын 30-апрелинде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча алдын ала квалификациялоо менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Т.Абдримов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2394