Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин чакыруусу жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин уюштуруусу менен ЖМК өкүлдөрүнүн тобу Стамбул жана Бурса шаарларында болуп кайтты.
Түркияда Рамазан майрамын белгилөө салты менен түрк-осмон маданияты жана байыркы ашканалары менен жеринен таанышуу максатында ЖМК өкүлдөрүнө Түркиянын тарыхый, диний жана туристтик жайларына саякат уюштурулду.
Сапардын жүрүшүндө Бейкоз айнек жана хрустал музейи жана ага жакын жайгашкан кол өнөрчүлүк борбору менен да таанышуу болду.
Бейкоз айнек жана хрустал музейинин имараты Осмон дооруна таандык. Музейдин тарыхый имаратын Ибрагим Паша курган. 19-кылымда Ибрахим пашанын Бейкоздогу сарайында түрдүү куштар, бассейндер, театр имараты жана ат сарайы болгон. Тарыхый имараттардан сакталып калган короо Улуттук сарайлар тарабынан калыбына келтирилип, музейге айландырылган. 19-кылымга таандык архитектуралык өзгөчөлүктөргө ээ болгон бул U формасындагы таш имарат укмуштуудай түзүлүшү менен көпчүлүктү суктандырып турат.
Музейде экзотикалык өсүмдүктөр менен көз жоосун алган жана 117 түрдүү бак-даракттуу керемет бакчасы бар. Ибрахим паша Бейкоздогу фермасынын бакчасын карап, ошол кезде Осмон империясында болбогон көчөттөрдү, бак-дарактарды алып келип, бул жерге отургузган.
Түрк айнек искусствосунун өнүгүү этаптары байкалган Бейкоз айнек жана хрустал музейинде түрк айнектери менен бирге Европадагы Осмон хан сарайлары үчүн чыгарылган уникалдуу эмгектер бар. Айнек искусствосунун 1480 көрүнүктүү үлгүсү коюлган музей 12 тематикалык бөлүмдөн турат.
Музейде түрк айнек идиштеринен тышкары Осмон империясынын сарайлары үчүн атайын Европада өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү искусство чыгармаларынын коллекциясы да бар.
Музей Европадагы Осмон хан сарайларына арналган жүздөгөн сейрек буюмдарды камтыганы менен да баалуу.
Музей жайгашкан бакча жана кылымдарды карыткан бак-дарактары бар сейилдөө жолдору келгендерге башкача сезим тартуулайт. Токойдо коён, өрдөк, тоок, павлин сыяктуу ар кандай жаныбарлар жашайт.
Музейде ошондой эле ар кандай айнек сувенирлерди жасаган салттуу кол өнөрчүлүк борбору бар. Бул цех 40 жылдан ашык тарыхы бар, азыркы чеберлер 3-муундагылар. Бул жерден зыяратчылар айнек идиштерди гана сатып албастан, аны жасоого да аракет кылышат.
Бейкоз айнек жана хрустал музейи үй-бүлө менен барууга эң ыңгайлуу жерлердин бири. Музей өзүнүн бай коллекциясынан тышкары, имараттын ичинде китепкана, ресторан, устакана, ботаникалык бакча жана чакан зоопаркы бар дүйнөдөгү сейрек музейлердин бири.