7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туристтик чыгыш экспресси менен жомоктогудай кышкы саякат

16

Кыш мезгилинде кар баскан Анатолиянын кең мейкиндиктери аркылуу Туристтик Чыгыш Экспресси менен унутулгус темир жол саякатына аттаныңыз.

Дүйнө жүзүндө темир жол менен саякаттоого болгон кызыгуу өсүп жаткан учурда, Түркиянын Туристтик Чыгыш Экспресси бул тенденциянын эң таасирдүү үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Түркиянын борбору Анкара менен Чыгыш Анатолиянын бермети саналган Карс шаарынын ортосундагы түнкү поезд сапары жүргүнчүлөргө кар жамынган Анатолия түздүктөрү менен тоолорунун укмуштуудай көрүнүштөрүн тартуулайт. Ностальгияны, кооз пейзаждарды жана туруктуу саякат түшүнүгүн айкалыштырган бул маршрут дүйнөдөгү эң таасирдүү темир жол сапарларынын бири катары эл аралык деңгээлде таанылган.

Түркиянын эң көп суроо-талапка ээ поезд багыты

Рельстердин ыргагы, ыңгайлуу купелер, ак кар жамынган пейзаждар жана сыйкырдуу токтоолор Чыгыш Экспрессин жөн гана поезд сапарынан Анатолия аркылуу өткөн жомоктогудай саякатка айлантат. Анкара менен Карс шаарларынын ортосунда эки багытта каттаган маршрут эки тараптан тең өзгөчө кооз болсо да, борбор шаардан Карска карай саякаттоо эң популярдуу багыт болуп эсептелет.

Туристтик Чыгыш Экспресси жума сайын үч жолу эки шаардан тең каттайт, билеттер онлайн сатыкка коюлат. Түркиянын эң популярдуу темир жол сапары болгондуктан, билеттер тез эле сатылып кетет, ошондуктан алдын ала брондоо сунушталат. Орточо 24 саатка созулган сапар жатак керебеттүү жайлуу купелерди, көз жоосун алган табият көрүнүштөрүн жана экскурсиялар үчүн атайын токтоолорду камтыйт. Көптөгөн жүргүнчүлөр купелерин жарыктар жана жасалгалар менен кооздоп, жылуу атмосфера түзүшөт. Саякатчылар өздөрү менен жеңил тамак ала алышат — купелерде муздаткыч жана жуугуч бар — же ресторан-вагондо тамактанып, түнкү тынч сапардан ырахат ала алышат.

Анкарадан чыккан поезд Кырыккале, Кайсери, Сивас, Эрзинжан жана Эрзурум шаарларынан өтүп, Карс шаарына жетет. Анкара–Карс багытында поезд Эрзинжан жана Эрзурум шаарларында токтосо, кайтуу жолунда — Карстан Анкарага карай — Илич, Дивриги жана Сивас шаарларында токтойт. Бул токтоолор жүргүнчүлөргө ЮНЕСКОнун тизмесине кирген табигый жана тарыхый мурастарды камтыган көптөгөн кереметтерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыштагы сыйкырдуу багыт — Карс

Анкарадан башталган кооз темир жол саякаты тарыхы катмарлуу, кышкы пейзаждары жана өзгөчө ашканасы менен белгилүү Карс шаарында жыйынтыкталат. Анатолиянын эң байыркы отурукташкан аймактарынын бири болгон Карс шаары борбордогу өзгөчө архитектурасынан тартып, айланасындагы кылымдарды карыткан эстеликтерге чейин бай тарыхый мурасты сунуштайт. Шаардан анча алыс эмес жерде жайгашкан Ани — ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген уникалдуу жай. Орто кылымдарда «1001 чиркөөнүн шаары» катары белгилүү болгон бул байыркы метрополис чиркөөлөрү, мончолору, алгачкы мечити жана зор коргон дубалдары менен христиан жана мусулман династияларынын мурасын айкын чагылдырат.

Карстын табигый кооздугу да өзгөчө таасир калтырат. Сарыкамышта коноктор кристаллдай таза кар үстүндө лыжа тээп, укмуштуудай көрүнүштөрдүн коштоосунда чана тебишет. Карс менен Ардахан облустарынын чек арасында жайгашкан Чылдыр көлү да кыш мезгилинде муз каптаган көрүнүшү менен өзгөчө табигый керемет болуп саналат. Ат чегилген чана менен муз үстүндө жылып бара жатканда, балыкчылардын музду тешип, сазан балык уулаганын көрүүгө болот — бул көрүнүш аймактын кышкы символдорунун бири катары таанылган.

Карстагы эң өзгөчө тажрыйбалардын бири — кечки тамак-аш программалары. Бул иш-чараларда коноктор ашык айтышуу, Кавказ элдик бийлери жана каз эти, Карс сыры, ракы жана Чыгыш Анатолия шараптары камтылган атайын меню аркылуу шаардын нукура руху менен таанышат. Бай гастрономиясы — сыр, грюйер, бал, каз эти жана манты — менен белгилүү Карс шаары Богатепе айылындагы Сыр музейине да чакырат. Бул жерде зыяратчылар аймактын сыр жасоо салты менен таанышып, жергиликтүү сырлардын түрлөрүн даам татышат.

17