7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 1,66 млрд. сом түштү

644

Республикалык бюджетти колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллиард 665 миллион 353,7 миң сом түштү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин 26-мартка карата берген маалыматында жазылат.

Бул каражат өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн жумшала турганы белгиленет.

Чогулган сумманын 1 миллиард 535 миллион 340,3 миң сому укук коргоо органдары тарабынан алынган.

Ал эми юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берген каражаты 66,2 миллион сомду түзгөн.

Ошону менен бирге жеке тараптар да өз ыктыяры менен 63,8 миллион сом которгону айтылат.

Бүгүнкү күндө жыйналган акчанын 722,8 миллион сому республикалык бюджетке которулуп, калган 942,5 миллион сому атайын эсепте сакталып турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645