Бүгүн Бишкек шаарында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүүдө. Форумдун максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, маданиятты өнүктүрүү, руханий мурастарды жайылтуу жана коомдун интеллектуалдык потенциалын бириктирүү болуп саналат.
Иш-чарага мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, жазуучулар, журналисттер, маданият өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышууда. Форумдун алкагында улуттук идеология, маданият, билим берүү, медиа, тил саясаты жана руханий өнүгүү маселелери талкууланууда.
Катышуучулар өлкөнүн маданий-руханий өнүгүүсүнө багытталган сунуштарын айтып, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муундарды тарбиялоо, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрүшөт.
Форумдун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштар жолдонуп, маданий-руханий өнүгүүгө багытталган бир катар демилгелер ишке ашырылары күтүлүүдө.



