7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арзыгүлдүн өлүмү: Темир тордо кармалган блогер тамырын кести

1351

Баткенде журналист Арзыгул Галымбетованын өлүмүнө шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайда отурган блогер Батмакан Жолболдуева өзүнүн билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

«КРнын кылмыш жаза кодексинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча Баткен РИИБнин убактылуу кармоо жайында шектүү катары кармалып турган 1989-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну Ж.Б. белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. Тез жардам кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди»,-деди билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1352