7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уилл Смит «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинин алып баруучусунан кечирим сурады

659

Голливуд актёру жана музыкант Уилл Смит алып баруучу Крис Роктон эл алдында кечирим сурады. Ал ачуусу келгенин айтып, туура эмес кылганын мойнуна алган. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Will Smith (@willsmith)

Уилл Смит 94-«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде сахнага чыгып, алып баруучу Крис Роктун бетине муштап жиберген. Крис Рок «Мыкты даректүү тасма» сыйлыгына талапкерлерди жарыялап жатып, Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смиттин кыска чачы тууралуу тамашалоону чечкен. «Жайда сени жакшы көрөм, сени «Солдат Жейн 2» тасмасында көрүүнү чыдамсыздык менен күтөм», — деди алып баруучу актрисаны Деми Мурдун «Солдат Джейн» деген тасмадагы образына салыштырып. Ал тасмада башкы ролдогу кыздын чачы кыска алынган болчу.  Пинкетт-Смит аутоиммундук оору менен жабыркайт. Ал чачтын түшүшү менен коштолгон оору. Жада муну жашырып, бирок жакында эле ал бул сырын ачыктаган эле.  Бул сөздөрдөн кийин Уилл Смит сахнага чыгып, Рокту бетке чапкан. Актёр кайра ордуна отургандан кийин Рокту «аялыма тийишпе» деп кыйкырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660