Аламүдүн райондук сотунун судьясы пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Т.М.Т. аттуу жаранга эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарып берүүнү убада кылган. Ал 26 миң АКШ долларын алып, бирок берген убадасын аткарган эмес.
Судья мурда алган акчасынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан жеринен кармалды. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси барлар аныкталууда.



