7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Аскар Шадиевди таап берүү үчүн АКШ элчилигине кайрылды

330

УКМК Аскар Шадиевди таап берүү үчүн АКШ элчилигине кайрылды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-февралында УКМК АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасы АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылган.


А.А.Шадиевге карата КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу (адалдоо)) фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

331