7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Аткезчиликке бөгөт коюлду

501

26-октябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Худжанд-Жаштык-Канибадам” унаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампа жайына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жыйынтыгында тиешелүү коштоочу документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылып алынды.

Тактап айтканда, 16 миң кутучадан ашык медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү.

  Учурда ведомстволор аралык топ кармалган товардын баасын эсептөөдө, ошондой эле кылмыш ишин козгоо үчүн иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жана дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

502