7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Азимбек Бекназаровдун эмне үчүн кармалганын айтты

436

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМК тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

«Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгын айгинелейт. Буга байланыштуу 12-сентябрда Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Бекназаровго тиешелүү айып тагылып, тергөө учурунда баш коргоо чарасын тандоо маселеси сот тарабынан чечилет. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

437