7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Бензин ташып сатууга ылайыкталган эки автоунаа кармалды

920

УКМК 2021-жылдын 29-мартында Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги «BS-Petrol» май куюучу жайына тинтүү жүргүздү. Натыйжада, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайлап жасоо жолу менен контейнерлер орнотулган «Ssang Yong Musso» жана «Opel Zafira» автоунаасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган унаалар УКМК чек ара кызматынын «Кайрагач» текшерүү пунктуна жеткирилип берилген.

«Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921