7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

605

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү  кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2009-жылы Ооган-Пакистан конфлигинин аймагына кетип, ал жерден Өзбекистан ислам кыймылы «ӨИК» эл аралык террористтик уюмдун  катарына кошулган, ислам мамлекети «ИМ» эл аралык террористтик уюмдун  мүчөсү, Ю.А.Р. аттуу КРнын жараны мекенге кайтып келе жатып кармалды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-ж.) беренелеринин 226-4 1-бөлүгү,  299-1 3-бөлүгү, 375 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында,  2022-жылдын 6-декабрында Ош шаардык соту тарабынан Ю.А.Р.ды КР УКМК тергөө камак жайына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Шектүү интернет мейкиндиктеринде «ИМ» ЭТУнун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн медиа-террордук иш-аракеттерди да жүргүзүп келгендиги аныкталды.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606