7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК интернетте тарап жаткан жасалма документ боюнча үн катты

156

УКМК интернетте тарап жаткан жасалма документ боюнча үн катты. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда УКМКга тийиштүү документтер делген маалымат чындыкка дал келбейт жана жасалма болуп саналат.

“Көрсөтүлгөн материал мамлекеттик органдардын расмий ишмердүүлүгүнө тиешеси жок жана белгиленген жол-жоболорго ылайык таризделген эмес. Таратылып жаткан маалыматта катталган делген каржылык которуулардын жана айрым адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар экени тууралуу жалган маалыматтар камтылган. Мындай материалдар белгисиз адамдар тарабынан жарандарды адаштыруу жана жалган маалымат таратуу максатында түзүлгөн.
Жарандарга мындай билдирүүлөргө сын көз караш менен мамиле кылуу, текшерилбеген маалыматтарды таратпоо жана мамлекеттик органдардын расмий маалымат булактарына гана таянуу сунушталат”, — деп жазылат маалыматта.

157