7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Калкты каттоо бөлүмүндө мыйзамсыз фактылар аныкталды

712

Ноокат райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мыйзамсыз түрдө акча жыйноо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн аймактык бөлүмчөсүнүн кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз түрдө акча жыйноо фактылары аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ш.С.А. жарандык абалдын күбөлүктөрүн берүү жана чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоо боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жарандардан жыйымдарды туруктуу алып туруу схемасын жетектеген.

Учурда тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713