7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы кармалды. Ал пара талап кылууга шектелип жатат

2225

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери кармалды.

Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, кармалган жаран менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Кармалган жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2225