7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды

792

Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УМКК финансы министрлигине караштуу алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттик салык кызматынын департаментинин кызматкерлери менен биргеликте «О» ЖЧКсынын жасалма алкоголдук продукциясын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Маалыматка караганда,  17-мартта өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кара-Балта шаарынын «О» ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 миң бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды. Тинтүү учурунда андан тышкары 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер табылды. Азыркы учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793